Перейти на новый сайт
MegaCom: Жалал-Абад облусунун 5000 тургуну мобилдик байланыш менен камсыз болду

MegaCom: Жалал-Абад облусунун 5000 тургуну мобилдик байланыш менен камсыз болду

Жаңы жыл босогосунда компаниянын техникалык адистеринин талыкпаган эмгегинин натыйжасында, Жалал-Абад облусунун төрт айылында MegaCom мобилдик байланышы пайда болду. Башкача айтканда , Карл Маркс, Арал, Атай жана Бирдик калктуу конуштарынын тургундары алгачкы жолу байланыш кызматтарынан пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

Жаңы базалык станцияларды куруу менен бирге эле аракеттеги станциялардын өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча да бир катар техникалык жумуштардын комплекси аткарылып, анын натыйжасында Ысык-Көл, Чүй жана Жалал-Абад облустарынын калктуу конуштарында байланыш сапатынын бир кыйла жогорулаганы байкалууда. Тармакты өнүктүрүү жана жаңылап туруу - компаниянын техникалык адистеринин көңүл борборунда. Ашыкча жүктөм шартында да ишенимдүү байланышты камсыздоого өзгөчө көңүл бурулат.Бул майрам күндөрү өзгөчө маанилүү экени шексиз.

Тармактын каптоо аймагы тууралуу маалыматты MegaCom абоненттери филиалдык түйүндүн жана 3G-каптоонун интерактивдүү картасы аркылуу он-лайн режимде ала алышат. Аталган кызматтан пайдалануу үчүн *500 кыска номуру аркылуу компаниянын кардарларды колдоо кызматына кайрылууга же компаниянын расмий сайтынын «Тармактын аймактарды каптоо картасы» бөлүмүнө кирүүгө болот. Бул жерден жакын жерде жайгашкан базалык станциялардын сигналынын деңгээлин көзөмөлдөп, 2G жана «ылдам » 3G-каптоосу тууралуу, жана да MegaCom компаниясынын Фирмалык салондорунун жана Сатуу жана тейлөө борборлорунун даректери менен кыргыз, орус жана англис тилдеринде таанышууга болот.

MegaCom – сапаттуу байланыш менен пайдаланып жана маалымдар болуңуз!

Сунушталган кызматтар

  • «MegaMusic»

    кызматы

    icon
  • MEGOGO

    кызматы

  • «MegaCom 4G USB модеми»

    кызматы

  • E-mail дарекке деталдоо

    кызматы