Перейти на новый сайт

MegaCom: My Info кызматын колдонуп ыкчам маалыматка ээ бол!

MegaCom: My Info кызматын колдонуп ыкчам маалыматка ээ бол!

Кыргызстандын уюлдук технологиялар тармагында жаңычылдыкка кадам таштаган MegaCom компаниясы өзүн-өзү тейлөөнүн уникалдуу системасын ишке киргизди. My Info мекенибиздин мобилдик байланыш менен камсыздалган бардык аймактарында аракетте болот жана байланыш кызматынан пайдалануу боюнча маалыматтарды акысыз билип турууга өбөлгө түзөт.

«My Info кызматы аркылуу MegaCom абоненттери өз номуру, учурдагы чыгымдар, накталай жана накталай эмес төлөм жургүзүү, тарифтик план, «Мега Бонус» программасы боюнча аракеттеги айда алынган бонустар тууралуу ыкчам маалымат алышат. Мындан тышкары, көп сандаган абоненттерибиздин суроолору боюнча жогоруда саналып өткөн маалыматтарды бир басмакты басуу менен өз телефон номуруна SMS-маалымат түрүндө алууга да мүмкүн! Бул абдан ыңгайлуу, бардык суроолорду көз ачып-жумгуча чечүүгө болот!», - деп белгилей кетти MegaCom компаниясынын маркетинг департаментинин жетекчиси Мирлан Карабукаев.

8687 кыска номуруна акысыз чалуу аткаруу аркылуу зарыл болгон маалыматты ыкчам алуу мүмкүнчүлүгү- өзүн- өзү тейлөө системасынын башкы өзгөчөлүгү болуп эсептелет. Андан соң, абонентке кызыккан маалыматын берүүдө My Info жеке үн порталы жардамга келет. Суралган маалыматтын мүнөзүнө жараша жообун SMS же үн билдирүү түрүндө алууга болот. Абоненттер маалыматты өзүнө ыңгайлуу болгон тилдерде – кыргыз, орус же англис тилдеринде ала алышат.

My Info кызматы MegaCom’дун бардык абоненттери үчүн жеткиликтүү жана акысыз көрсөтүлөт. Кызмат тууралуу толук маалыматты компаниянын сайтынан билүүгө болот.
 

Сунушталган кызматтар

  • «MegaCom 4G Wi-Fi роутери»

    кызматы

  • «Унаа курап ал» суроо-жооп оюну

    кызматы

  • «SIM-меню»

    кызматы

  • «Чалууларды жана SMSтерди чектөө»

    кызматы