Перейти на новый сайт

#TechFest илим жана технологиялар фестивалына 20 000 миңден ашуун адам келди.

#TechFest илим жана технологиялар фестивалына 20 000 миңден ашуун адам келди.

Үстүбүздөгү жылдын 8-9-ноябрында, ордо калаабызда, Кыргызстандагы алгачкы Tech and Science Fest илим жана технологиялар фестивалы болуп өткөндүгү жалпыбызга маалым. Эки күнгө созулган илимий иш-чара тажрыйба жана пикир алмашуу менен коштолуп, фестивалды көрүү үчүн өз убактыларын бөлгөн шаарыбыздын тургундары жана меймандары дем алыш күндөрүн өзгөчө маанайда өткөрүштү. Фестивалдын жүрүшүндө маалымат берүү мүнөзүндөгү STEM (Science, Technology, Engineering, Math) шоу өткөрүлүп, оюндар ойнотулуп, аны менен катар ойлоп табуучулардын, радио менен башкарылган роботтордун, жарыш автоунааларынын көргөзмөсү болду.

Бул күндөрү кадрдык анимациялоо, квадрокоптерлер тууралуу лекциялар жана мастер-класстар өткөрүлдү. Кичине бөбөктөрдүн гана эмес чоңдордун да көңүлүн бурган «Баардыгын билгим келет» деген аттуу илимий-химиялык шоуну карап турган балдар демин ичине катып шыркырап түтөгөн тажрыйбаларды таңдануу менен карашып, акылдуу пластилинди өз колдору менен жасап да көрүштү.

Фестивалга жалпысынан 20 миңдей адам катышты. Көргөзмөгө 50дөн ашуун долбоорлор коюлуп, алардын басымдуу бөлүгүн ата мекендик экспонаттар ээледи. Жогорку окуу жайларынан келишкен студенттердин топтору, программалоочулар жана ойлоп табуучулар өз долбоорлорун көрсөтүп жатышты. Мындан тышкары, уюштуруучулар «Mega-жарыш» аттуу тапкычтар оюнун өткөрүп, жеңүүчүлөргө башкы демөөрчү MegaCom компаниясынын баалуу азембелектери тартууланды.

Планетарийдеги жомок: «Акылбектин жана Билимбектин кызыктуу окуялары».
Мобилдик байланыш жөнүндөгү таанып- билүү мүнөзүндөгү тасма кичинекейлер үчүн чыныгы жагымдуу белек болду. Аталган мультфильмдин бет ачары #TechFest фестивалында өзгөчө форматта – мобилдик планетарийдин төбөсүндө көрсөтүлдү. Жаш жеткинчектерде мобилдик баарлашуу маданиятын калыптандырып, алардын билимге болгон умтулуусун өнүктүрүүнү көздөгөн бул долбоор MegaCom компаниясынын тапшырыгы боюнча даярдалган.

«Бул долбоорду ишке ашыруу үчүн талыкпаган күч-аракеттерин жумшаган жигиттердин эмгегине татыктуу баа берүүгө болот. MegaCom, өз кезегинде, мындай демилгени көз жаздымда калтырган жок. Замандаштарыбыздын -таланттуу ойлоп табуучулардын, окумуштуулардын, инженерлердин, конструкторлордун биздин мекенибизде жашап жана эмгектенип жаткандыгын ар бир кыргызстандык биле жүрүшүн каалайт элек. Алар менен сыймыктанар жөнүбүз бар!», - деп белгилей кетти MegaCom компаниясынын башкы директору Азат Базаркулов.

#TechFest алган таасирлер тууралуу ой бөлүшүүлөр:
Гульмира Султанова. – Бул ажайып көргөзмө менин Кыргызстандын таланттуу жаштарынын келечегине болгон ишеничимди арттырды.
Нурдаулетов Кунай. –Мага баарынан роботтор менен колдо жасалган жардыргычтар жакты. Ал гана эмес бирөөнү зыянсыздандырдым!
Осмоналиева Аина. – MegaComдун мультиги абдан мыкты! Биз аны досторубуз менен планетарийдин төбөсүнөн көрдүк!
Максим Шадиков. – Өз күчтөрү менен 3D-принтерди жасашкан жигиттердин эмгеги кубантарлык. Бул акылга сыйбаган нерсе!

Сунушталган кызматтар

  • «Амедиатека»

    кызматы

  • «Кийин төлөнүүчү роуминг»

    кызматы

  • «Мобилдик айлык акы»

    кызматы

  • MegaKassa

    кызматы