Перейти на новый сайт
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү MegaCom компаниясынын дарегине ыраазычылык кат жолдоду

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү MegaCom компаниясынын дарегине ыраазычылык кат жолдоду

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана вице-премьер министр Эльвира Сариеванын наамынан компаниянын дарегине жолдонгон ыраазычылык катта көгүлтүр Ысык-Көлдүн жээгинде, 2014-жылдын сентябрь айында, өткөрүлгөн Дүйнөлүк көчмөндөр оюнун уюштуруудагы улуттук уюлдук оператордун кошкон бараандуу салымы баса белгиленген.

«Сиздердин колдооңуздар менен, дүйнө жүзүнүн булуң-бурчунан ат арытып келген көчмөн элдердин маданий салттарын спорттун түрлөрү менен айкалыштырган бул иш-чаранын ийгиликтүү өткөндүгүнө дүйнө коомчулугу күбө болушту. Сиздердин колдооңуздар менен өткөрүлгөн «Көчмөндөрдүн дүйнөлүк оюндары» долбоору Кыргызстандын жана Шериктештикке мүчө болгон өлкөлөрдүн тарыхында алгачкы саамалыктардын бири катары сакталып калаары бышык. Жалпы жамаатыңыздарга чың ден соолук, иштерине ийгилик жана өсүп-өнүгүүнү каалайм», - деп айтылат билдирүүдө.

Сунушталган кызматтар

  • MegaCloud булутта сактагычы

    кызматы

  • «Чалуулардын деталдоосу»

    кызматы

  • «MegaCom 4G Wi-Fi роутери»

    кызматы

  • «Кыска SMS номурларга тыюу салуу» жана «Кыска IVR номурларга тыюу салуу»

    кызматы