Перейти на новый сайт
«Сузак» жаңы тейлөө борбору MegaCom абоненттерин чакырат

«Сузак» жаңы тейлөө борбору MegaCom абоненттерин чакырат

MegaCom компаниясы, Жалал-Абад облусунун Сузак айылында жаңы Сатуу жана абоненттерди тейлөө борборунун ачылышы тууралуу өз абоненттерине билдирет.

Эми жергиликтүү тургундар өз айылынан алыска чыкпастан, ири уюлдук оператор тартуулаган кызматтардын толук топтому менен пайдалануу жана кесипкөй адистерден кеңеш алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Бул үчүн аймакта жаңы ачылган тейлөө борборго кайрылуу жетиштүү. Мындан тышкары, MegaCom компаниясы менен келишим түзүп, Персонификация боюнча акцияга катышып, компания сунуштаган баалуу белектерди утуп алууга болот.

Адаттагыдай жаңы Тейлөө борборунун ачылышына карата, MegaCom жаңы тейлөө борборунан 50 сом же андан ашык суммага өз балансын толуктаган MegaCom абоненттери автоматтык түрдө акцияга катышып, түйүн ичинде баарлашуу үчүн 10 күнгө акысыз 50 SMS белекке алышат. Акциянын аракет мөөнөтү 29-сентябрдан 12-октябрга чейин уланат. Бонустун абалын *505# номуру аркылуу текшерүүгө болот.

«Сузак» сатуу жана абоненттерди тейлөө борбору MegaCom абоненттерин жана түйүнгө кошулууну каалаган бардык жарандарды Сузак айылы, Дакан-Палван көчөсү (аймактын ооруканасынын жанында) дареги боюнча саат 8:30дан 18:00гө чейин дем алышсыз жана тыныгуусуз күтөт.

Сунушталган кызматтар

  • Конференц-байланыш

    кызматы

  • Төмөн баланс тууралуу автомаалымдагыч

    кызматы

  • Футбол порталы

    кызматы

  • «Телефон чал!»

    кызматы