Перейти на новый сайт

MegaCom 2014-жылдагы Азия оюндарынын башкы өнөктөшү

MegaCom 2014-жылдагы Азия оюндарынын башкы өнөктөшү

MegaCom компаниясы үстүбүздөгү жылдын 19-сентябрында Түштүк Кореянын Инчхон шаарында башталган XVII Азия оюндарын түз көрсөтүүгө башкы демөөрчүлүк кылууда. Мекендештерибиз КТРКнын эфиринде оюндардын жүрүшүнө күбө болушуп, кыргызстандык спортчулардын күйөрмандары боло алышат.

Кыргызстандан барган 115 спортчу спорт оюндарынын ок атуу, теннис, бокс, грек-рим күрөшү, заманбап беш түрдүү көнүгүүдөн турган машыгуу, веложарыш сыяктуу 21 түрү боюнча мекенинин намысы үчүн ат салышууда. Веложарышта атаандаштарын артка калтырып экинчи болуп марага келген Евгений Ваккер күмүш медалдын ээси болсо, ”Күч атасын тааныбайт демекчи” күрөш боюнча Эламан Догдурбек уулу коло медалды, эркин күрөш өз артыкчылыгын көрсөтө алган Магомед Мусаев күмүш медалды, Түндүк Кореялык Инсунг Жонгду жеңип алган Айсулуу Тыныбекова коло медалды жеңип алышып, өз күйөрмандарына кубаныч тартуулоо менен сыйлык куржунун медалдар менен толукташты.

Көңүл буруңуз! Сиз «MegaCom’дон OnlineTV» уникалдуу кызматы аркылуу өз мобилдик телефонуңуздан чыныгы убакыт режиминде Азия оюндарын көрө аласыз. Эми, ыңгайлуу жана үнөмдүү мобилдик онлайн-көрсөтүүнүн жардамы менен сүйүктүү телеберүүңүздү же көптөн күткөн спорттук матчыңызды көрүүнү сунуштайбыз. «MegaCom’дон OnlineTV» кызматы тууралуу толук маалымат менен компаниянын расмий сайтынан таанышууга болот.

Маалымат: Азия оюндары – Эл аралык олимпиадалык комитетинин эгидасы алдында 1951-жылдан тарта ар бир төрт жылда бир жолу өткөрүлүүчү белгилүү спорт оюндары. Быйыл Түштүк Кореялык Инчхон шаарына Азиянын Олимпиадалык Кеңешине кирүүчү 44 өлкөдөн 15 миңден ашуун спортчулар келишкен.

Сунушталган кызматтар

  • «Роумингде шартсыз каттоо»

    кызматы

  • «Амедиатека»

    кызматы

  • «Балдарга» жана «Китеп» порталдары

    кызматы

  • «GoodOk»

    кызматы

    icon