Перейти на новый сайт

MegaCom : мамлекеттин башкаруусу алдындагы ийгиликтүү ишкердик жүргүзүүнүн сырлары

MegaCom : мамлекеттин башкаруусу алдындагы ийгиликтүү ишкердик жүргүзүүнүн сырлары

«Альфа Телеком» ЖАК (MegaCom соода белгиси) компаниянын акцияларынын 100 пайызы Кыргыз Республикасына таандык болуп, улуттук мобилдик оператордун расмий макамына ээ болгондугун билдирет.

MegaCom («Альфа Телеком» ЖАК) – КРдин телекоммуникация тармагындагы GSM 900/1800 жана WCDMA/UMTS 2100 стандартындагы уюлдук байланышты көрсөтүүчү уюлдук компания. Өлкөнүн калк жайгашкан аймагын каптоону 96 пайызга камсыз кылуу менен, компания 2,8 миллионго жакын абоненттерди тейлейт. Өлкөнүн алдыңкы компаниялары, эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрү, мамлекеттик түзүмдөр, дипломатиялык миссиялар уюлдук оператордун корпоративдик кардарлары болуп эсептелет. Компания Кыргыз Республикасында ондоп саналган ири салык төлөөчү жана калкты жумуш менен камсыз кылуучу ишканалардын катарын толуктап келет.

MegaCom –тейлөөнүн мыкты сапатын көрсөтүүчү жана абоненттеринин саны боюнча эң алдыңкы оператор катары таанымал.

MegaCom -

  • ISO 9001:2008 версиясы боюнча сапаттык менеджмент тутумунун эл аралык тастыктоосунан өткөн алгачкы жана бирден бир оператор
  • сапат тармагындагы жетишкендиктери КМШ өлкөлөрү боюнча эл аралык Премиянын ээси
  • БУУнун Эл аралык электрбайланыш союзунун мүчөсү .

2014-жылы MegaCom улуттук мобилдик оператору Кыргызстандын уюлдук байланыш чөйрөсүндө жүргүзүп келе жаткан ийгиликтүү ишмердигинин 8 жылдыгын белгиледи. Компания тармакты кеңейтүү, жабдууларын жаңылоо жана байланыш сапатын жогорулатуу багытында алгылыктуу иштерди жүргүзүп келүүдө. MegaCom базалык станциялардын санын көбөйтүүдө. MegaCom дистрибуция тармагы өз ичине 7000ден ашуун сатуу түйүнүн камтыйт. Компания Кыргыз Республикасынын 2017-жылга чейинки туруктуу өнүгүүсүнүн Улуттук стратегиясын ишке ашырууда негизги өнөктөш.

Мыкты сунуштар, уникалдуу кызматтар, тынымсыз техникалык өнүгүү, була-оптикалык линиялардын курулушу компаниянын стратегиялык өнүгүүсүнүн негизги өбөлгөлөрүнөн болуп саналат. Республикалык бюджетке которуулардын саны да өсүп келет

MegaCom – сенин мобилдик операторуң!

Сунушталган кызматтар

  • «4 тил»

    кызматы

  • «Амедиатека»

    кызматы

  • Постоплатный Интернет-роуминг

    кызматы

  • «Эл аралык байланыш»

    кызматы