Перейти на новый сайт
«Акыл-Battle» интеллектуалдык клубу

«Акыл-Battle» интеллектуалдык клубу

Ар жекшемби сайын 247 студиясынын залы өзгөчө меймандарга толот. Келген меймандардын көпчүлүгү орун жетпей, тикеси менен тик турганына да кайыл. «Акыл-Battle» оюнуна кошулуп ойногон интеллектуалдардын арасында болуу алар үчун ырахат. Салтка айлангандай эле «Акыл-Battle» клубунун кезектеги акыл таймашы MegaCom компаниясынын колдоосу менен өткөн жекшембиде, 20-апрелде, болуп өттү.

Бул жолку акыл таймашы катышуучулардын да, күйөрмандардын да мурда болуп көрбөгөндөй көп чогулгандыгы айырмаланды. Катышуучулардын “Манас” эпосуна байланыштуу суроолорго ыкчам жана так жооп бергендиги, ар бир топтун мыкты даярдыгынан кабар берип турду. Жеңүүчүлөрдүн катарын толуктаган "Ак-Шумкар", "Чоң жинди" жана "Айкөл" командаларынын мүчөлөрүнө MegaCom компаниясы тарабынан флешкалар, термокружкалар, жылнаамалар, күндөлүктөр, футболкалар, колчатырлар жана кепкалар тартууланды.

Кеченин жүрүшүндө атактуу манасчыларыбыздын аткаруусунда улуу эпостон үзүндүлөр жаңырып, ал эми угармандардын жүрөгүнөн түнөк тапкан ата мекендик эстрада жылдыздары Гүлжигит Калыков жана Юлия Руцкая өз мукам үндөрү менен чогулгандардын черин жазышты.

Кийинки тема Бишкек шаарынын Туулган күнүнө карата уюштурулуп, 27- апрелде (жекшембиде) өткөрүлмөкчү. Буга чейин өткөрүлгөн оюндардын жыйынтыктары тууралуу маалыматты Акыл-Battle клубунун facebookтагы атайын баракчасы аркылуу уюштуруучулардан алууга болот.

Сунушталган кызматтар

  • Киоск

    кызматы

  • «Унутулган телефон»

    кызматы

  • «Номурду кайрадан каттоо»

    кызматы

  • Ким чалды?

    кызматы