Перейти на новый сайт

MegaCom компаниясынын жарым жылдык ишинин жыйынтыгы

MegaCom компаниясынын жарым жылдык ишинин жыйынтыгы

2011-жылдан тарта өлкөбүздүн алдыңкы уюлдук оператору болгон MegaCom компаниясынын иш-чаралары, соодадагы өсүүлөрү, ар бир кварталдагы кирешеси жана чыгымдары тууралуу маалымдалып келет. Мындан тышкары жыл санап абоненттери көбөйүп, байланыш базасы кеңейүүдө.

Салтка айлангандай, MegaCom 2012-жылдын биринчи жарым жылдыгында соодадан түшкөн пайдасы жана салыкка которгон төлөмдөрү тууралуу аудит текшерүүсүнө чейинки маалыматын ачыкка чыгарууда. Ага ылайык, үстүбүздөгү жылдын январь – июнь айларындагы уюлдук оператордун соодадан түшкөн пайдасы 3 млрд. 608 млн. сомго жетип, бул көрсөткүч 2011-жылдын 1-жарым жылдыгына салыштырмалуу 15 пайызга жакын жана 2010-жылдын 1-жарым жылдыгына салыштырмалуу 38 пайызга жакын өстү.

Түшкөн акчанын айлык орточо көрсөткүчү 2010-жылдын 6 ай ичинде 435 млн. сомду, 2011-жылдын 6 ай ичинде 523 млн. сомду жана 2012-жылдын 6 ай ичинде – 601 млн. сомду түздү. Уюлдук компаниянын түшкөн акча боюнча өзгөрүүлөрүнүн динамикасы төмөндө көрсөтүлгөн:

          

Кирешени көбөйтүү боюнча көрүлүп жаткан иш-чаралардын колго алынышы жана MegaCom компаниясынын чыгашасын оптималдоонун натыйжасында, 2012-жылдын 1-жарым жылдыгына аудит текшерүүсүнө чейинки компаниянын таза пайдасы 1 млрд. 301 млн. сомду түздү. Бул көрсөткүч 2011-жылдын 1-жарым жылдыгына салыштырмалуу 25 пайызга, ал эми 2010-жылдын 1-жарым жылдыгына салыштырмалуу 597 пайызга өстү дегенди билдирет.

          

2012-жылдын 6 ай ичинде MegaCom компаниясы салыктар жана башка төлөмдөр түрүндө өлкөнүн бюджетине 766 млн. 580 миң сомду которду, бул болсо 2011-жылдагыга салыштырмалуу 12 пайызга жана 2010-жылга салыштырганда 175 пайызга жогору.

           
2012-жылдын 6 ай ичинде MegaCom компаниясы салыктар жана башка төлөмдөр түрүндө өлкөнүн бюджетине 766 млн. 580 миң сомду которду, бул болсо 2011-жылдагыга салыштырмалуу 12 пайызга жана 2010-жылга салыштырганда 175 пайызга жогору.
MegaCom компаниясынын абоненттик базасы, 2011-жылдын июнь айынан тарта 2012-жылдын июнь айына чейин, 16% пайызга өскөн, башкача айтканда 365 миң киши компания абоненти болуп катталган. Ал эми 2010-жылдын июнь айынан тартып 2012-жылдын июнь айына чейин абоненттик базанын көрсөткүчү 36 пайызга көбөйгөн.

          

2012-жылдын 1-жарым жылдыгында, MegaCom компаниясы тарабынан, абоненттерди сапаттуу байланыш менен камсыздоо максатында жабдууларды жаңыртуу иштерине басым жасалды. Алгач Бишкек шаары жана Чүй өрөөнүндө, андан соң Ысык-Көл областында курорттук сезондун башталышы менен 3G заманбап байланыш түйүнү ишке киргизилген. 2012-жылдын соңуна чейин үчүнчү муун байланышы менен республиканын бардык аймагы камсыз болоору күтүлүүдө.

Сунушталган кызматтар

  • Ким чалды?

    кызматы

  • «SIM-картаны алмаштыруу жана калыбына келтирүү»

    кызматы

  • «USSD-меню: Мобилдик портал»

    кызматы

  • Ишенимдүү төлөм

    кызматы