«MegaCom компаниясынын расмий дилери» статусун алуу
«MegaCom компаниясынын расмий дилери» статусун алуу үчүн талапкер төмөнкү талаптарга жооп бериши керек:
- Уюлдук байланыш кызматын дистрибуциялоо базарында 1 жылдан кем эмес иштөө тажрыйбасый;
- Сатуу түйүндөрү ыңгайлуу жерде жайгашышы. Профилдик багыттагы (уюлдук байланыш операторлоруна кошуу, мобилдик телефондорун жана аксессуарларын сатуу) сатуу түйүндөрүнүн саны 10 (ондон) кем эмес болушу;
- Республиканын жок дегенде эки облусунда соода түйүнүнүн болушу;
- Соода түйүндөрүн MegaCom компаниясынын бренд-бугуна ылайык жасалгалоо;
- Уюлдук байланыш кызматтарын көрсөтүүгө келишим түзүү учун иш орундарын жабдуу (оргтехника, ПК, Интернетке кирүү);
- Жогорку квалификациядагы кызматкерлер жана соода түйүндөрүндө жогорку деңгээлде тейлөөнү камсыз кылуу.
Жогоруда белгиленген шарттардын бардыгы аткарылган учурда компанияга төмөнкү документтер тапшырылышы керек:
Маалыматтар көрсөтүлгөн коммерциялык сунуш:
- Компания жөнүндө жалпы маалымат: иш аракет чөйрөсү, соода маркасы, рынокто иштөө мөөнөтү, иш жүргүзүп жаткан уюлдук байланышынын өнөк-операторлору (учурда иштешип жаткан операторлору), кызматкерлердин квалификациялык деңгээли;
- Соода түйүндөрүнүн так тизмеси: дареги, телефондору, иштөө убактысы, сүрөттөө (тышкы келбети жана соода түйүнүнүн ички сүрөтү, 2 даана).
ЖЧК үчүн документтердин көчүрмөсү:
- Уюмдаштыруу документтеринин көчүрмөсү;
- Салыкка каттоого тургандыгы жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү;
- ЕГРЮЛ уюмуна киргендиги жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү (юридикалык жактар үчүн);
- Уюмдаштыруучуларынын тизмеси (катышуучулардын);
- Жетекчи жана башкы бухгалтер тууралуу маалымат (Аты-жөнү, паспорттук маалыматтар, байланышуу телефондору);
- Соода түйүндөрүн ижарага алгандыгы жөнүндө келишимдин көчүрмөсү;
- Уюмда салык салуунун кандай системасы колдонорлугу тууралуу маалымат;
- Жетекчинин укуктарын тастыктаган документтеринин көчүрмөсү (катышуучулардын (уюмдаштыруучулардын) чогулушунун протоколу, жетекчини шайлоо боюнча катышуучулардын чечими, буйрук ж.б.);
- Корреспонденция үчүн дарек.
ЖЧ үчүн документтердин көчүрмөсү:
- Күбөлүктүн көчүрмөсү (мамлекеттик каттоодон өткөндүгү тууралуу)
- ИНН карточкасынын көчүрмөсү (салык төлөөчүнүн каттоо карточкасы)
- Каттоосу көрсөтүлгөн паспорттун көчүрмөсү
- Соода түйүнүн ижарага алгандыгы тууралуу келишимдин көчүрмөсү
- Корреспонденция үчүн дарек.
Жогоруда аталып кеткен документтердин бардыгын төмөнкү дарек боюнча алып келүү керек: Бишкек ш., MegaCom компаниясынын коммерциялык кеңсеси (Эркиндик бульвары – Москва көчөсү), 6-бөлмө, Дилердик түйүндү өнүктүрүү боюнча бөлүм.
Эгер сизди компания менен кызматташуунун бир гана бөлүгү кызыктырса (акчалай төлөмдөрү кабыл алуу үчүн WEB-кассаларын орнотуу, Алдын ала төлөө карталарын – АТК дүңүнөн сатып алуу) – компаниянын расмий лиделлерине кайрылсаңыз болот:
Түндүк аймагы:
Sim-карта/КАП
- ЖИ «Джусубалиев», т.: (0555) 777773;
- ЖЧК «Рикком Трэйд», т.: (0555) 922422;
- ЖИ «Ибрагимов А.Т», т.: (0312) 657141;
- ЖИ «Муллабаев А.Ш.», т.: (0554) 646262;
- ЖИ «Джуматаева З.Дж.», т.: (0550) 160979;
Төлөмдөр/Web-касса
- ЖЧК «KYRTELSAT», т.: (0555) 575711;
- ЖЧК «Mobile & Television Communications», т.: (0555) 954124;
- ЖЧК «Neo-Tech», т.: (0312) 690620;
- ЖЧК «ОСПП», т.: (0700) 023377;
- ЖИ «Джуматаева З.Дж.», т.: (0550) 160979;
- ЖЧК «Epay», т.: (0556) 105155;
Түштүк аймагы:
Sim-карта/КАП
- ЖИ «Камалов Б.», т.: (0550) 233533;
- ЖИ «Джуманазаров М.», т.: (0550) 000607;
Төлөмдөр/Web-касса
- ЖИ «Алимбеков Ж.», т.: (0555) 650635;
- ЖЧК «Epay», т.: (0556) 105155;