SIM-карта жана жашыруун коддору
SIM-карта деген эмне?
SIM-карта – бул өзүндө аппараттын түйүндө иштөөсү үчүн керектүү кызматтык маалыматты алып жүргөн жана байланыштын уюлдук тармагында каттоону камсыз кылган идентификациялык модуль. SIM-карта тармактын ар бир жаңы абонентине берилет. SIM-картанын эсинде Сиздин телефондордун номерлериңиз жазылган электрондук жазуу китепчеңиз, ошондой эле Сиздин тексттик SMS-билдирүүлөрүңүз сакталат. SIM-картанын жардамы менен Сиз SIM-менюну пайдаланып, кошумча маалымат ала аласыз. SIM-картаны орнотуудан мурун, Сиздин телефондун нускамасын кылдаттык менен окуп чыгып, андан соң SIM-картаны сыртынан (пластикалык негизинен) чыгарып, нускамада белгиленгендей, өзүңүздүн уюлдук телефонуңузга орнотуңуз. Сиз өзүңүздүн SIM-картаңызды GSM стандартындагы каалаган аппарат менен өзүңүздүн телефон номериңизди өзгөртпөстөн пайдалана аласыз.
PIN жана PUK жашыруун коддору
Сиз SIM-карта менен чогу алуучу PIN (Personal Identification Number), PIN-код жандандырылган учурда гана Сиздин телефонуңуз (демек, Сиздин акча каражаттарыңыз да) санкцияланбаган пайдалануудан (мисалы, телефонуңузду жоготсоңуз же уурдатсаңыз) сактайт. Төрт жашыруун код (төрт сандан турган PIN1 жана PIN2, сегиз сандан турган PUK1 жана PUК2) SIM-картанын пластикалык негизинде жайгашкан.
PIN-кодду киргизүү, өзгөртүү жана өчүрүү
SIM-картаны орнотуп, телефонду иштеткенден кийин PIN 1 Сизден автоматтык түрдө суралат. Экранда PIN-кодду киргизүүнү сунуштаган жазуу чыгат. Сиздин телефонуңуздун нускамасында PIN-кодду кантип өзгөртүү же өчүрүү керектиги көрсөтүлгөн
Көңүл бургула! PIN-кодду талап кылуу өчүрүлгөн болсо, Сиз телефонуңузду жоготкон учурда, бөлөк адамдар Сиздин SIM-картага кирүүгө мүмкүндүк алып, Сиздин эсебиңизден MegaCom түйүнүнүн кызматынан пайдаланууга жол берилет.
SIM-картанын блогун кантип ачуу керек
PIN-кодду киргизип жатканда кылдат болуңуз. Эгер кодду катары менен 3 жолу тура эмес киргизип алсаңыз, SIM-карта тосулуп калат. Мындай учурда картанын блогун PUK-коддун (8 сан) жардамы менен ачса болот. Аны киргизүүнүн жол-жобосу Сиздин телефондун нускамасында берилген. Блокту ачууда баардык аппараттар үчүн универсалдуу болгон төмөнкү комбинацияны колдонсо болот:
**05*PUK*PIN*PIN#
Эгерде Сиз өзүңүздүн PIN-кодуңузду унутуп калсаңыз, же жаңысына алмаштыргыңыз келсе төмөнкүлөрдү киргизиңиз:
**05*PUK*новыйPIN*новыйPIN#
PUK-кодду киргизип жатып кылдат болуңуз: эгер кодду катары менен 10 жолу тура эмес киргизип алсаңыз, SIM-карта толугу менен жабылып, Сиз абоненттерди Тейлөө Борборуна (ТБ) кайрылып, жаңы SIM-карта сатып алууга туура келет
PIN 2: телефондун атайын функциялары
Эгерде сиздин телефондо атайын функциялар болсо, анда PIN 2 аларды өчүп калуудан/өзгөрүүдөн сактайт. Бул кодду негизги PIN 1 сыяйктуу эле өзгөртүүгө болот. Эгерде Сиз PIN-2ни катары менен үч жолу тура эмес киргизсеңиз, атайын функцияларга кирүүнү Сиз PUК-2 коду менен гана ача аласыз.
PIN жана PUK коддорун унутуп же жоготуп алсаңыз эмне кылуу керек
Эгер Сиз PIN жана PUК коддорун жоготуп алсаңыз, SIM-карта толугу менен жабылып калбашы үчүн коддорду болжолдоп киргизүүгө аракет кылбаңыз. Коддорду калыбына келтирүү үчүн АТБна кайрылыңыз. Ал үчүн Сиз жаныңызда Сиздин күбөлүк документтериңиз болушу зарыл.
Мобилдик телефонуңузду жоготуп алсаңыз…
SIM-картасын же телефонун жоготкон абонент номерин сактап калгысы келсе, ал үчүн «Пауза» деген кошумча кызмат иштейт.
Мобилдик телефон жоголгон учурда, бул жөнүндө абоненттерди Тейлөө борборуна кабарлоо зарыл. Сиздин телефон өчүрүлгөн, ал эми PIN-код өчүрүлбөгөн болсо да, кандай гана кырдаал болбосун, бөлөк адамдар Сиздин эсебиңизден телефондук байланыш кызматы менен пайдаланып албашы үчүн биз Сиздин номерди “Паузага” коюп салабыз. Өз убагында “Паузага” кюлган Сиздин номер Сиздин артыңыздан бекиген бойдон калат да, бет эсебиңиздин абалы өзгөрбөйт. Эски номериңизди пайдаланууну уланткыңыз келсе, сиз абоненттерди Тейлөө Борборунан жаңы SIM-карта сатып алышыңыз абзел.