MegaCom USB-модеми
Пайдалануучунун колдонмосу
MegaComдун USB-модемин тандап алганыңыздар үчүн ыраазычылык билдиребиз!
MegaCom мобилдик интернети менен дүйнө жүзүнө болгон аралык жана туташуу дагы жөнөкөй болуп калды!
Бул нускама Сизге USB-модемди пайдаланууда жардам берет.
USB-модем тууралуу маалымат
Модель USB-модеми: HUAWEI E153

USB-модемдин себили:
- USB-модем
- Пайдалануучунун колдонмосу
- Кепилдик талон
- «3000Мб белекке» оромосу менен Сим-карта
- Dr.Web лицензияланган антивирус жана активдештирүү коду бар скретч-карты менен кичи-диск.
«3000Мб белекке» оромосу менен сим-карта

«3000 МБ белекке» оромосу «Альфа Телеком» ЖАК абоненттерине сутка сайын 30 күндүн ичинде мобилдик Интернеттин трафигинин 100 бекер мегабайтын алууга мүмкүндүк берет. Сутка ичинде пайдаланылбаган трафик кийинки суткага кошулуп эсептелбейт жана которулбайт (калтырылбайт).
Оромону(пакетти) башкаруу төмөнкү комбинацияларды тандоо боюнча ишке ашырылат
|
Шарты |
Команда |
|
«3000 МБ белекке» оромосуна туташуу |
*185#1# же 185 номерине 1 саны менен SMS |
|
Оромо текстин текшерүү |
*185# 185 номерине бош SMS |
Dr.Web лицензияланган антивирус жана активдештирүү коду бар скретч-карты менен кичи-диск.

USB-модемдин мүнөздөмөсү:
- Жөнөкөй көрсөтмө
- HSDPA жана UMTS стандарттары менен иштөөдө жогорку ылдамдык (3,6 Мбит/с көчүрүүдө жана 384 кбит/с которууда)
- EDGE/GPRS/GSM маалымат берүү стандарттары менен коошуусу ( 236 кбит/с чейин)
- HSDPA/UMTS диапозондорундагы 2100 МГц жана EDGE/GPRS/GSM (850/900/1800/1900 МГц) иш
- Туташтыруу абалынын жана белги кубаттуулугунун индикациясы
- MicroSD эске тутуу карты үчүн тыкан кошулма жери
Сиздин USB түзүлмө менен таанышуу
Төмөндө жайгашкан сүрөт USB түзүлмөнүн тышкы көрүнүшүн сүрөттөйт. Алар сизге таанышуу үчүн гана берилди.

1. USB кошулма жери
Анын жардамы менен USB түзүлмө компьютерге кошулат.
2. Кур тешиги
Сиз капкагын жоготуп албаш үчүн курчаны тешиктен өткөрүү менен капкакты жана USB түзүлмөнү байлап койсоңуз болот.

3. Индикатор
Ал USB түзүлмөнүн статусун чагылдырат.
- Жашыл, ар бир 3 секундда эки жолу күйүп-өчөт: USB түзүлмө туташылды.
- Жашыл, ар бир 3 секундда бир жолу күйүп-өчөт: USB түзүлмө 2G тармак менен макулдашылат.
- Көгүлтүр, ар бир 3 секундда күйүп-өчүүчү: USB түзүлмө 3G/3G+ тармак менен макулдашылат.
- Жашыл, үзгүлтүксүз: USB түзүлмө 2G тармагына туташты.
- Көгүлтүр, үзгүлтүксүз: USB түзүлмө 3G тармакка туташкан.
- Ачык-көгүлтүр: USB түзүлмө 3G+ тармагына туташкан.
- Өчүү: USB түзүлмө чыгарылат.
4. MicroSD карт үчүн ички түзүлүш:
Ал MicroSD карттын ичинде болот.
5. SIM/USIM карттын ички түзүлүшү
Ал Абоненттин аныктоо модулуна (SIM)/Абоненттин универсалдуу аныктоо модулуна (USIM) картына кошулат.
USB түзүлмөнү колдонууга даярдык
1. Алдыңкы капкакты USB түзүлмөдөн алуу үчүн жылдырыңыз.
2. SIM/USIM карты, ошондой эле MicroSD карты төмөнкү сүрөттө көрсөтүлгөндөй тиешелүү карт түзүлүшүнө салыңыз
3. Алдыңкы капкакты жайгаштырып, аны ордуна жылдырыңыз.

Эскертүү:
- MicroSD карты опционалдык колдонмо болуп эсептелет. Эгер ал комплекте жок болсо, аны өзүңүз сатып алсаңыз болот.
- SIM/USIM карттын аяк жагы тиешелүү түрдө SIM/USIM карттын ички түзүлүшүнө, ошондой эле MicroSD карт MicroSD белгиленген ички түзүлүшүнө көрсөтүлүп салынган.
- MicroSD же SIM/USIM карты аны пайдаланып жаткан учурда чыгарбаңыз. Чыгара турган болсоңуз USB түзүлмө сыяктуу эле зыянга учурашы мүмкүн, ал эми карттагы сакталган маалыматтар жок болуп калышы мүмкүн.
Орнотуу/ чыгаруу боюнча колдонмо
Башкаруу программасын орнотуу жол-жобосу компьютериңизде орнотулган операциялык системага жараша болот. Төмөнкү бөлүк ОС Windows XP мисал катары алат.
USB түзүлмөнүн компьютер менен байланышы
USB түзүлмөнү компьютериңиздин USB ички түзүлүшүнө туташтырыңыз.

USB түзүлмөнүн башкаруу программасын орнотуу
1. USB түзүлмөнү компьютерге туташтырыңыз.
2. ОС автоматтык түрдө жаңы түзүлмөнү таанып, орнотуу чеберин ишке киргизет.
Эскертүү:
Эгер автоматтык түрдө кое берүү программасы жооп бербесе, драйвердин директориясындагы AutoRun.exe файлын табыңыздар. Андан соң программаны ишке киргизүү үчүн AutoRun.exe эки жолу басыңыз.
3. Экранга орнотуу нускама чеберинин артынан ээрчиңиз.
4. Программаны орнотуп бүткөндөн кийин иш столунда Башкаруу программасы деген иконка пайда болот.
Башкаруу программасын ишке киргизүү
Орнотулгандан кийин Башкаруу программасы автоматтык түрдө ишке кирет. Андан кийин USB түзүлмө компьютерге туташылгандан кийин, ар бир жолу Башкаруу программасы автоматтык түрдө ишке кирет.
Сиз ошондой эле башкаруу программасын ишке киргизүү үчүн иш столундагы “MegaCom modem” иконкасына эки жолу бассаңыз болот.
USB түзүлмөнү чыгаруу
1. “MegaCom modem” программалык камсыздоону жабыңыздар.
2. Андан кийин билдирүү деген жакты басыңыз, “Түзүлмөнү коопсуз чыгаруу” деген жазуу пайда болот.
3. Тиешелүү түзүлмөнү тандап алып, “Токтотуу” дегенди басасыз.
4. “Түзүлмөнү алып салууга болот” деген билдирүү чыкканда USB түзүлмөнү USB-портадан сууруп алыңыз.
Башкаруу программасын алып салуу
1. Старт > Башкаруу панели > Программаны кошуу же алып салуу (Start> Control Panel> Add or Remove Programs) нукуурун тандайсыз.
2. Башкаруу программасын таап, Алып салууну (Remove) басыңыз
Эскертүү:
Башкаруу программасынан аны алып салуунун алдында чыгыңыз.