Тейлөө аймагы жана роуминг

Тейлөө аймагы жана роуминг

ТЕЙЛӨӨ АЙМАГЫ

MegaCom түйүнүнүн тейлөө аймагы бүгүнкү күндө Кыргызстандын жети облусун тең кошот: Бишкек шаары жана анын тегерек-чети,  "Манас" аэропорту, Чүй облусу, Ысыккөлдүн жээги, Ош, Жалалабат, Нарын, Талас жана Баткен облустары.

MegaCom түйүнүнүн туруктуу байланыш сапатын белгилүү Nokia компаниясынын коммутациялык орнотмолору камсыз кылып турат. Европалык сапаттагы орнотмолор GSM стандартындагы көрсөтүлүп жаткан кызматтардын спектрин тез жана сапаттуу кеңейтип турат.

MegaCom түйүнү тейлеген аймактардын бирдиктүү картасы

РОУМИНГ

MegaCom Кыргызстандын уюлдук байланыш операторлорунун ичинен автоматтык роуминг кызматын көрсөтүү боюнча алдыңкы орунда турат.

Компаниянын абоненттери уюлдук байланыштын 455 ашуун компаниялары иштеген  дүйнөнүн 196 өлкөсүнө коркпостон кете берсе болот, себеби бул операторлор менен компаниянын ортосунда эларалык роуминг боюнча келишим түзүлгөн.

МегаФон компаниясы менен түзүлгөн келишимдин негизинде Россиянын алдыңкы уюлдук байланыш операторунун түйүнүндө жүргөн абонент роумингдин жеңилдетилген шарттарынан пайдалана алышат.

Көбүрөөк билүү