«Мобилдүү кеңсе» кызматы
«Мобилдүү кеңсе» кызматы — бул, кызматкерлери үчүн коопсуз алыскы жеткиликтүүлүк зарыл болгон компаниялар үчүн чечим:
- корпоративдик түйүндөргө,
- маалымат базаларына,
- алыста турган жабдууга,
- транспортко,
- Интернет
маалыматтарды берүүнүн корголгон каналдары боюнча маалыматты алуу жана алмашуу мүмкүнчүлүгү.
“Мобилдүү кеңсе” кызматы менен Сиздин корпоративдик түйүнүңүздүн чектери MegaCom түйүнү жабдууга алган көлөмдөргө чейин кеңейет (GPRS-роуминг иштеп турган дүйнө боюнча өнөктөш компанияларды кошо алганда).
Сизде бизнести өнүктүрүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылат!
«Мобилдүү кеңсе» кызматынын жардамы менен Сиздер:
1. Өз корпоративдик түйүнүңүздө корголгон кошулууну уюштура аласыз
- алыста турган жабдуу
- соода автоматтар, банкоматтар, POS-терминалдар,
- датчиктер, коопсуздук системалары ж.б.
- компаниянын транспорту
- GSM – модем багыт берүү жабдуусун пайдалануу менен автомобиль транспорту.
2. Корпоративдик ресурстарга коопсуз алыста турган жеткиликтүүлүктү сунуштоо (электрондук почтага, файлдарга, интранет-сайтка, маалымат базаларына, Интернет)
- компаниянын кызматкерлерине
- TOP – менеджерлерге,
- иш мүнөзү сапарларга байланыштуу болгондорго,
- алыскы объекттерде иштегендерге,
- алыста турган соода точкасына
-
- филиалдарга,
- кампаларга,
- насыя берүү точкаларына,
- кардарларды тейлөө боюнча мобилдүү кеңселерге
Кызмат көрсөтүүнүн артыкчылыгы:
- Бардык берилип жаткан маалыматтарды шифрге салуудан улам корпоративдик маалымат базалары, файлдык ресурстар, Интернет жана жабдуулар менен алыста туруп иш алып баруунун жогорку коопсуздугу
- Кошулуу жана пайдалануу ыңгайлуулугу – болгону уюлдук телефон талап кылынат.
- Ишенимдүүлүк – кызматкерлер пайдаланып жаткан жеткиликтүүлүккө жана ресурстарга толук контролдук.
- Пайдалуу шарттар – Сиз болгону трафик үчүн төлөйсүз, мобилдүү интернеттен пайдалангандай сыяктуу эле – кошулуу үчүн эч кандай кошумча төлөмдүн жоктугу!
- Жеткиликтүүлүк - кайсыл болбосун убакытта жана оператордун жана анын GPRS-роуминг функциясын колдоого алышкан өнөктөштөрүнүн түйүнү иштеп турган кайсыл болбосун жерде жүзөгө ашырылышы мүмкүн. Кызматтан уюлдук телефон, КПК же смартфон, ошондой эле модем аркылуу ПК, ноутбуктун жардамы менен пайдаланууга болот.
Кызмат көрсөтүүнүн наркы:
Кызмат көрсөтүү MegaCom компаниясынын бардык корпоративдик тарифтик пландары үчүн жеткиликтүү жана GPRS трафиктин тарификациясына таасирин тийгизбейт.
“Мобилдүү кеңсе” кызматына кошулууда 1 Мб трафикти тарификациялоо GPRS-Интернет багыты боюнча Сиздин тарифтик пландагы тарифке ылайык, трафикке жана тарифтик планга бардык жеңилдиктерди кошо алганда (Жеңил интернет, Активдүү интернет).
Кызмат көрсөтүүгө кошулуу үчүн эч кандай кошумча акы алуусуз!
Кызмат көрсөтүүгө кошулуу үчүн Сизге төмөнкүлөр жетиштүү:
- Анкета-өтүнүчтү толтуруу, аны Сиз MegaCom түйүнүнүн кайсыл болбосун Тейлөө борборунан же Корпоративдик кардарлар менен иш алып баруу бөлүмүнө түздөн-түз кайрылуу аркылуу ала аласыздар.
- Корпоративдик кардарлар үчүн уюлдук байланыш кызматын көрсөтүү жөнүндө Келишимге карата кошумча Макулдашуу түзүү менен.
- MegaCom жабдуусунан Сиздин компанияга чейин бөлүнүп берилген байланыш каналын өткөрүү же байланыштын виртуалдуу каналын орнотуу менен. MegaCom адистери бул маселеде Сиздерге жардам берет! Ошондой эле, жабдууларды, объекттерди жана корпоративдик түйүндү ыңгайлаштырууну жүзөгө ашыруу.
- MegaCom компаниясына Сиздин компаниянын корпоративдик түйүнүнө корголгон жеткиликтүүлүк талап кылынган абоненттик номерлердин тизмесин, же жаңы абоненттик номерлерди бөлүп берүү зарылчылыгын билдирүү.