Кантип корпоративдик кардар боло аласыз
MegaCom компаниясынын корпоративдик кардары болуп, 5 же андан ашуун абоненттерди бир бет эсебине кошкон ар бир уюм (юридикалык жак) боло алат.
Кайсыл жерден кошулууга болот?
VIP жана корпоративдик кардарлар менен иштөө бөлүмүнөн кошулсаңыздар болот. Даректи жана байланышуу телефондорун бул жерден караңыздар.
Азыркы учурда ийгиликтүү бизнести иштетүү үчүн жалаң гана акча таппастан, ошол табылган каражаттарды акылдуулук менен үнөмдөп, заманбап технологиялардын жаңы уникалдуу мүмкүнчүлүктөрүн да пайдалана билиш керек.
Биз сиздерге жардам бере аларыбызга ишенебиз.
MegaCom түйүнүнүн корпоративдик кардары болуп ар бир юридикалык жак боло алат. Ал үчүн бөлүнгөн тейлөө бөлүмүнө келип, келишим түзүү керек. Корпоративдик тарифтер менен сиз бул жерден толук тааныша аласыз.