Контент-провайдерлер

Эскертүү!

Контент-провайдер болуп MegaCom абоненттерине ар түрдүү маалыматтык жана көңүл ачуучу кызматтарды көрсөтүүчү өз алдынча компаниялар эсептелинет (сүрөттөрдү жана обондорду, JAVA-оюндарын заказ кылуу, ТВ-добуш берүү ж.б.) Абоненттер контент-провайдерлердин маалымат ресурстарынан пайдаланышы үчүн MegaCom түйүнүндө атайын сервистик номерлер бөлүнгөн (адатта, үч же төрт сандуу).

Контент-провайдер кызматтардын мазмунуна, алардын сапатына жана жеткирүү ылдамдыгына, абоненттерди сурап-билүү-маалыматтык тейлөөгө жоопкерчиликтүү. Тигил же булл контент-провайдер көрсөткөн кызматтардын сапатына абоненттер тарабынан болгон доо-талаптарды ошол контент-провайдердин сурап-билүү-маалымат кызматы кабыл алат.