Кошулуу жана төлөм

КОШУЛУУ ЖАНА ТӨЛӨӨ

КОШУЛУУ

MegaCom түйүнүнө кошулуу үчүн компаниянын абоненттерди тейлөө борборлоруна, фирмалык салонго же расмий дилердик түйүнүнө келишиңиз керек

Уюлдук байланыш кызматына келишим түзүү үчүн жаныңызда төмөнкү документтер болушу шарт:

  • Жарандын аракеттеги паспорту;
  • Аракеттеги армиянын офицер күбөлүгү (аскер билети менен алмаштырбаңыз);
  • Үчүнчү жак абоненттин атынан келишим түзүп жатса, жогоруда белгиленген документтерден тышкары нотариуста ырасталган ишеним кат керек (ишеним катта паспорттук маалыматтар жана ишеним каттын аракеттенүү мөөнөтү, ишеним катты алуучу ишеним берүүчүнүн атынан кандай иш аракет жасоого укуктуу экендиги белгилениши тийиш). Абонент көрсөтүлүп жаткан байланыш кызматы жөнүндөгү келишим боюнча укугун оператордун жазуу жүзүндөгү макулдугусуз үчүнчү жактарга берүүгө укугу жок.

ТӨЛӨМДӨР

Байланыш кызматы үчүн төлөмдөрдү балансыңызды акчалай түрдө толтуруп же алдын ала төлөм карталарынын жардамы менен жүргүзсө болот. Абоненттерди тейлөө борборлорунан, фирмалык салон же расмий дилердик түйүнүнөн балансыңызга накталай акча түрүндө салсаңыз болот

Ошондой эле Кыргыз почтасынын бөлүмдөрүнөнEasy Paу төлөө терминалдарынын, автоматтык Neotech компаниясынын төлөмдөрдү тез кабыл алуучу түйүндөрүнөн, ошондой эле каалаган коммерциялык банк аркылуу байланыш кызматы үчүн төлөсө болот.

MegaCom кызматтарын төлөө жана бет эсептин балансын толуктоо үчүн же сиздин туугандарыңыздын жана теңтуштарыңыздын бет эсеп балансын толуктагыңыз келсе же жакын адамыңызга белек кылгыңыз келсе төмөнкү ыкмаларды пайдаланыңыз:

  • алдын ала төлөө картасы:  бул үчүн MegaCom алдын ала төлөө картасын сатып алып, бул операцияларды жүргүзүңүз:
  1. Скретч-панелдеги картанын PIN-кодун жашырган коргоочу катмарды өчүрүңүз
  2. Балансты толуктоо үчүн Сиз (телефондун менюсуна кирбестен*555#pin-code#  терип ЧАКЫРУУ клавишасын басыңыз
  3. Башка номердин балансын толуктоо үчүн  (телефондун менюсуна кирбестен) *555#pin-code#996555хххххх#  ЧАКЫРУУ клавишасын басыңыз ( хххххх –сиз балансын толуктап жаткан абоненттин номери)

Балансты текшерүү:

Телефондун менюсуна кирбестен *500# терип ЧАКЫРУУНУ басыңыз

АТКнын бүтүндүгүн Сиз *55#сериялык номер (12 сан)#чакыруу буйругу аркылуу текшере аласыз. Толук маалымат>>

Ошондой эле сиз балансты 555 кыска номерине картанын PIN-коду жазылган бекер SMS-билдирүү жөнөтүү аркылуу толуктай аласыз. Башка бирөөнүн балансын толуктоо үчүн SMSтин текстинде картанын PIN-кодунан кийин бош орун калтырып, сиз балансын толуктап жаткан абоненттин телефон номерин жазыңыз (телефон +996555хххххх форматында жазылышы керек) (хххххх - сиз балансын толуктап жаткан абоненттин номери)

  • Акчалай төлөө (бул үчүн абоненттерди тейлөө борборуна, фирмалык салонго же расмий дилердик түйүнгө келип төлөш керек)
  • Которуу (берилген эсепке ылайык өзүңүздүн эсебиңизден MegaCom компаниясынын эсебине белгиленген төлөмдү каалаган банктан төксөңүз болот)

Кызыктырган суроолоруңуз болсо MegaCom компаниясынын Call-борборуна 0555 50 00 00 телефону боюнча чалып кайрылсаңыз болот. Компаниянын жана катталган операторлордун абоненттери үчүн чалуу АКЫСЫЗ, калган абоненттерден тарифтик пландарына жараша акы төлөнөт.