Корпоративдик жоопкерчилик
Социалдык жана кайрымдуулук программалар MegaCom компаниясынын корпоративдик стратегиясынын негизги бөлүгү болуп эсептелинет. Коомдун турмушу жана өнүгүшү сыяктуу жарандык коомдун социалдык маселелерин чечүүгө катышуу аркылуу компания өзүнүн корпоративдик социалдык жоопкерчилигин ишке ашырат.
Биздин мамлекетибиздин татаал өтмө мезгилинде көптөгөн адамдар жана бирикмелер кайрымдуулукка муктаж болуп жаткандыгын түшүнүп, MegaCom компаниясы колунан келишинче аларга кайрымдуулук жардамын көрсөтүп турат. Ушуга байланыштуу кайрымдуулук иштерин жана ар кандай акцияларды өткөрүүдөн мурун компания төмөнкүдөй принциптерге таянып келет:
- Жарандарга пландуу даректик жардам
- Узак мөөнөткө созулуучу программаларды аткарууда системалуулук
- Ар бирөөнүн ишке ашуусунда максималдуу эффективдүүлүккө умтулуу
- Ачыктык жана жалпылык, ар бир программага карата активдүү маалымдоо саясаты
2007-жылдын февраль айында MegaCom компаниясынын кайрымдуулук жана демөөрчүлүк иш-аракетин координациялоочу атайын Кеңеши уюштурулган.
Табыштамаларды толтуруу жана караштыруу системасы, жана MegaCom компаниясынын демөөрчүлүк жана кайрымдуулук ишмердүүлүгүнүн багыттары тууралуу толук маалыматты төмөнкү бөлүмдөрдөн көрсөңүз болот:
Кайрымдуулук жана демөөрчүлүк ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары
MegaCom компаниясынын демөөрчүлүк жана социалдык демилгелери тууралуу суроолоруңуз болсо pr@megacom.kg дарегине жазыңыз.
Шилтемелер:
Социалдык демилгелердин тарыхы