Тейлөө кызматтарын төлөө
MegaCom түйүнүнүн кызматтарын төлөө жана өзүңүздүн бет эсебиңизди же туугандарыңыздын бет эсебин толуктоо үчүн, же жөн эле жакын адамыңызга белек тартуулаңыз келсе төмөнкү ыкмалардын бирин колдонуңуз:
- алдын ала төлөө картасы бул үчүн MegaCom компаниясынын алдын ала төлөө картасын сатып алып төмөнкү операцияларды жүргүзүңүз:
- Картанын PIN-кодун жашырып турган скретч-панелдин коргоочу катмарын өчүрүңүз.
- Өзүңүздүн балансыңызды толуктаңыз келсе (телефондун менюсуна кирбестен) *555#pin-code# терип ЧАКЫРУУ клавишасын басыңыз
- Башка телефондун балансын толуктаңыз келсе (телефондун менюсуна кирбестен) *555#pin-code#99655Xхххххх# терип ЧАКЫРУУ клавишасын басыңыз. (бул жерде 9655Xхххххх – сиз балансын толуктап жаткан абоненттин номери)
Балансты текшерүү:
телефондун менюсуна кирбестен *500# терип ЧАКЫРУУ клавишасын басыңыз
Ошондой эле сиз балансты 555 кыска номерине картанын PIN-коду жазыглан бекер SMS-билдирүү жөнөтүү аркылуу толуктай аласыз. Башка бирөөнүн балансын толуктоо үчүн SMSтин текстинде картанын PIN-кодунан кийин бош орун калтырып, сиз балансын толуктап жаткан абоненттин телефон номерин жазыңыз (телефон +99655Xхххххх форматында жазылышы керек) (9655Xхххххх - сиз балансын толуктап жаткан абоненттин номери)
- Акчалай төлөө (бул үчүн абоненттерди тейлөө борборуна, фирмалык салонго же расмий дилердик түйүнгө, төлөмдөрдү кабыл алуу пункттарына же өлкөнүн коммерциялык банктарына келип төлөөгө болот
- которуу (берилген эсепке ылайык өзүңүздүн эсебиңизден MegaCom компаниясынын эсебине белгиленген төлөмдү каалаган банктан төксөңүз болот)