Кантип абонент боло аласыз
Кантип кошулуу керек:
Анонимдик тарифтик планына кошулуу үчүн (Күн/түн, Эларалык, ХИТ, Жандуу) сөзсүз түрдө MegaCom компаниясы менен келишим түзүүнүн кажети жок. Бул үчүн абоненттерди тейлөө борборуна, фирмалык салондордун бирине же компаниянын дилерлер түйүнүнө келип, ичинде SIM-карта, пайдалануучунун колдонмосу жана балансында белгилүү бир суммасы бар баштапкы комплектти же SIM-картаны сатып алуу керек.
Эгер анонимдүү тарифти алгыңыз келбесе жана роуминг, чалууларды деталдаштыруу, номерди калыбына келтирүү ж.б. ушул сыяктуу кошумча кызматтардан пайдалангыңыз келсе компания менен сөзсүз түрдө келишим түзүү зарыл.
Уюлдук байланыштын кызматына келишим түзүү үчүн Сиз төмөнкүдөй документтерди беришиңиз керек:
- Жарандын аракеттеги паспорту;
- Аракеттеги армиянын офицер күбөлүгү (аскер билети менен алмаштырбаңыз);
- Үчүнчү жак абоненттин атынан келишим түзүп жатса, жогоруда белгиленген документтерден тышкары нотариуста ырасталган ишеним кат керек (ишеним катта паспорттук маалыматтар жана ишеним каттын аракеттенүү мөөнөтү, ишеним катты алуучу ишеним берүүчүнүн атынан кандай иш аракет жасоого укуктуу экендиги белгилениши тийиш). Абонент көрсөтүлүп жаткан байланыш кызматы жөнүндөгү келишим боюнча укугун оператордун жазуу жүзүндөгү макулдугусуз үчүнчү жактарга берүүгө укугу жок.
Абоненттирди тейлөө борборлорунун даректери
Фирмалык салондордун даректери
Дилердик түйүндөрдүн даректери
Төлөө
Байланыш кызматы үчүн төлөмдөрдү балансыңызды акчалай түрдө толтуруп же алдын ала төлөм карталарынын жардамы менен жүргүзсө болот:
Абоненттирди тейлөө борборлорунан
Төлөмдөрдү кабыл алуу түйүндөрүнөн
Сиз жүргөн өлкөнүн каалаган коммерциялык банкынан
Абоненттерди колдоо кызматы
Кошулуу же көрсөтүлгөн кызмат үчүн төлөө тууралуу Сизди кызыктырган суроолоруңуз менен Сиз 0555 50 00 00 же *500 телефону боюнча Компанинянын Абоненттерди колдоо кызматына кайрылсаңыз болот, компанинянын абоненттери жана катталган тармактар үчүн чалуу АКЫСЫЗ, башка уюлдук операторлордун абоненттери үчүн төлөө Сиздин тарифтик планыңызга ылайык жүргүзүлөт.